Ошто бычакталып, үйдүн жанына көмүлгөн студент кыз. Тергөө аяктап, иш сотко өттү

Ошто 4-курстун студентинин киши колдуу болгону боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, биринчи соттук отурум эртең, 11-майда Кара-Суу райондук сотунда өтөт.

Февраль айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылган.  Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган. Көрүлгөн иштердин натыйжасында 8-февралда Ош облусунун Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну — ОшМУнун 4-курсунун студенти качып жүргөн жеринен кармалып, Ош ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. 

Шектүү көрсөтмө берген. “30-январда саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан дааратканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, — деген.