Ошто дайынсыз болуп жаткан 54 жаштагы кишинин сөөгү дарыядан табылды

6-июль күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылынын 1967-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Туугандары өз алдынча издешкенде, жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган.

Кечээ, 12-июлда жерине издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук ӨКБдан 20 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришти.