6-июлда Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылынын 1967-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал психикалык жактан жабыркайт. Туугандары өз алдынча издешкен. Жоголгон жарандын бут кийими Куршаб дарыясынын боюнан табылган. Бүгүн жеринде издөө иштери улантылууда. Кечээ, 11-июлда ӨКМден 9 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 3-4 чакырым аралыкты издешкен. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. 12-июль күнү иш-чаралар улантылат.









