Ошто дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

16-августтан бери ИИМдин кызматкерлери тарабынан изделүүдө жүргөн 1967-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси 18-август күнү суудан табылган. Куткаруучулар анын жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.