SerepTV Logo

Ошто дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды

Ошто дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды
3-июнда Ош облусунда дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты. Ош облусунун Араван РИИБисине жергиликтүү тургун кайрылып, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында үйдөн чыгып кеткени, андан кийин дайынсыз жоголгону маалымдалган. Аталган факты Араван райондук милициясына катталып, издөө иштери башталган. Ал Бишкектин аймагында болушу мүмкүн деген маалыматтар дагы текшерилген. 14-июнда Бишкек шаарынын аймагынан жашы жете элек кызды табышкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна жеткирилди.
SEREP MEDIA