Ошто дүкөндүн жанындагы уруш 49 жаштагы кишинин өлүмү менен аяктады

Ошто 49 жаштагы жаран киши колдуу болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын тургуну 49 жаштагы жаран белгисиз жагдайда, учтуу нерседен жараат алып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын Эргешов көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан “Бекболот” деген дүкөндүн батыш тарабында болгондугу аныкталган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, алынган далил буюмдарга карата тийиштүү болгон соттук-медициналык, соттук криминалистикалык жана соттук биологиялык экспертизалары дайындалды.

Жогоруда жыйналган иш-кагаздары боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктундагы белгилери менен кылмыш иши козголуп тергөө иштери башталган. Каза болгон жарандын бир тууган агасы окуя боюнча суралып, арызы алынган. Мындан тышкары, окуяга күбө болгон жарандар суралган. Алгачкы текшерүү учурунда, каза болгон жаран менен 34 жаштагы жаран жана башка белгисиз жарандар дүкөндүн ичинде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып, уруша кетип ошол учурда 34 жаштагы жаран маркумду бычак менен сайгандан улам каза болгондугу аныкталган. Учурда кылмышка шектүү болгон Кара-Суу районун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылынын тургуну 34 жаштагы жарандын жүргөн жерин аныктап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.