Өзгөндө эки мектептин окуучулары мушташып, 1 окуучу жардан кулап каза болду

Өзгөндөгү 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

16-октябрь күнү саат 13:35 чамасында Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнө Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын 14 жаштагы тургуну денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу билдирген. Аталган факты Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган. Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, 16-октябрда саат 10:00 чамасында Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги арканын жанындагы бийик жардын түбүнөн жараат алган абалда табылгандыгын аныкталган.

Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында маркумдун денеси соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Мындан сырткары текшерүү иштеринин жүршүндө 16-октябрга караган түнү Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен ошол эле айылга кошуна болгон Шагым айылындагы мектебинин 9-10 класстары ортосунда пикир-келишпестиктерден улам, топтолушуп мушташышып, Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып жабырлануучу бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган. Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери улантылууда.