Ошто эркек киши 2 миллион сомдук тооктун жумурткасын алдатып жиберген

ИИМ кызматкерлери Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында алдамчылардын тобун кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2024-жылдын январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 1 миллион 900 миң 176 сом турган 462 коробка тооктун жумурткасын алдамчылык жолу менен ээлеп алган адамдардын тобуна чара көрүү жөнүндө кайрылган. Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кызматкерлери жана Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, Бишкек шаарындагы тергөө абагында камакта жаткан жаран аныкталып, ал дагы бир жаран менен алдын ала сүйлөшүп алышып, жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтөбүз деп алдамчылык жолу менен жабырлануучудан Сокулук районунун аймагынан Ош шаарына жумуртка жеткирүүгө буюртма алышкан. Ошентип жабырлануучу сатып алган тооктун жумурткаларын Сокулук районундагы өндүрүүчүдөн алып, Базар-Коргон районуна алып барып сатып, алган акчасын алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө табылган далилдердин негизинде кылмыштуу тобунун катышуучусу кылмыш жасагандыгы үчүн айып коюлган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда жана кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.