Ош облусунда 3 наристе иске ууланып, чарчап калышты. Маалыматты Ош облустук милициясынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык 10-декабрда болгон. Баш-Булак айыл аймагынын 1998 жана 2017-жылы туулган тургундары ууланып, ооруканага түшкөн. Ал эми 2019, 2022, 2024-жылы туулган наристелер чарчап калышкан. Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.












