Ошто жансыз денеси табылган спортчу таксисттин өлүмүнө шектелип, издөөдө жүргөн

Сүрөт "Турмуш" басылмасынан алынды

Ош шаарында жансыз денеси табылган спортчу Эркул уулу Манас адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 23-октябрь күнү “Манас” аэропортунун бекер унаа токтотуучу жайында токтоп турган Хонда-Торнео үлгүсүндөгү унаанын багажынан Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургунунун өлүгү табылган. Ал жүргүнчүлөрдү ташуудан сырткары бандероль ташып иштечү. Ушул эле күнү таңында милицияга арыз менен Комсомол айылынын жашоочусу кайрылып, байкеси анын 2019-жылдын 22-октябрь күнү үйүнөн чыгып, аэропорт тарапка кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин кайтып келбегендигин билдирген.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин, Чүй ОИИБдин кызматкерлеринен турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары менен ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (каракчылык менен коштолгон атайылап киши өлтүрүү) (эски кодекс) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишине шектүү катары уурдоо, зордуктоо, каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун тургуну 1992-жылы туулган тургуну, аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо үчүн бир нече жолу соттолгон Ош облусунун 1987-жылы туулган тургуну кармалган. Экөө тең жатак абагында жазасын өтөп жүрүшкөн. «Таксист ири суммадагы акча каражатын жеткирмек. Киши өлтүрүү үчүн кармалган жарандардан таксисттин жанындагы 100 миң доллардан ашык уурдалган акча каражаты табылып алынган. Жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн азыркы учурда каракчылык, бейбаштык, мүлктү атайылап жок кылуу үчүн мурда соттолгон Ош шаарынын тургуну 1991-жылы туулган Мамарасул уулу Акжол издөөдө жүрөт. Ыкчам маалымат боюнча ал учурда Орусиянын аймагында изин жашырууда. Бул кылмыш ишине тиешеси бар жаран 1992-жылы туулган Эркул уулу Манаска дагы издөө жарыяланган», — деп айтылат маалыматта.