Ошто жаңы жылды белгилеп жаткан жаран өлтүрүлдү. Шектүүлөр чек арада кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан коңшу Өзбекстандын аймагына качып кетүү аракети менен чек арага барган учурда Ош шаарынын аймагында адам өлтүрүүгө шектүү катары эки жаран кармалды.

«1-январь күнү саат 12:15 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын жашоочусу чалып, анын 1995-жылы туулган уулун бирөөлөр өлтүрүп кеткендигин билдирген. Аталган даректен ошол үйдүн жашоочусу 1995-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Анын баш жагында жараттары, далысынын сол тарабында бычактан алган терең жараты бар экендиги аныкталган.

Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургундары 1999-жылы туулган Р.О. жана 1994-жылы туулган Г.Ш. аттуу жарандар Өзбек Республикасынын аймагына качууну көздөп, чек ара тарапта жүргөн учурда 2-январь күнү кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө кызматынын берген алгачкы маалыматтарына караганда шектүүлөр каза болгон жарандын үйүндө жаңы жылды белгилеп отурушуп, ичимдик ичимдиктерин ичишкен. Андан соң өз ара сөз талашып айтыша кетишкен. Шектүүлөрдүн бири денесине бир нече уруп, бөтөлкө менен чаап, андан соң сол жак далысына бычак сайып, жарадар болгон жаранга жардам көрсөтпөстөн качып чыгып кетишкен.

Ош шаардык соту тарабынан 4-январь күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштеринин аягына чейин абакта кармоого чечим чыгарылды.