Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Конституциянын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.