Ошто унаа уурдаган шектүү кармалды. Ал буга чейин дарыканаларга уурулукка киргендиги үчүн издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Ушул жылдын 22-ноябрь күнү Ош шаарынын 42 жаштагы тургуну Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Нексия 2 үлгүсүндөгу унаасын өз үйүнүн алдындагы жол боюна токтотуп койгон жеринен айдап кетишкенин, түнкү саат 23:50 чамасында таппай калганын билдирген.
Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну, 1990-жылы туулган жаран кармалып, милицияга жеткирилген. Ал буга чейин Ош шаарынын аймагында бир нече дарыканаларга уурулукка киргендиги үчүн издөөдө жүргөн. Шектүү уурдалган унааны сатып үлгүрбөй калгандыгын айтып, Ош шаарынын аймагына катып койгон жеринен таап берген.