Ошто жасалма акча таратууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-июль күнү Ош ОИИБге Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-июль күнү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы май куюучу жайлардын бирине 25-30 жаштар чамасындагы жаран келип 100 доллар берип, 2 000 сомго күйүүчү май куюп, 6 700 сом кайтарым катары алып, артынан дагы 100 долларын алмаштырып берүүнү суранып, 8 700 кыргыз сомго алмаштырып алып кеткендигин, эртеси 16-июль күнү отчет тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги билип калгандыгын билдирген.
Бул факты 18-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат электрондук журналына катталып, кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан бул акча каражаттарына соттук-техникалык экспертизасына дайындалып, анын корутундусу менен 200 жүз доллар жасалма экендиги аныкталган.
Кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну кармалган. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн кылмыштуу шериктери дагы аныкталып, Кара-Суу районунун 35 жана 32 жаштагы тургундары кармалган. Алар Кара-Суу аймагында жайгашкан май куюучу жайларга 1 миң доллар акчаны сомго алмаштырып кетишкени аныкталган.