Ошто 28 жаштагы жигиттин киши колдуу болушу. Окуянын чоо-жайы

Буга чейин Ош шаарында 1992-жылы туулган жигиттин киши колдуу болгону, анын өлүмүнө бир тууган агасы шектелип жаткандыгы маалым болгон. Окуя боюнча Ош ШИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына бүгүн, 21-сентябрь күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунан кабар келип түшкөн. Анда бир туугандар ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен агасы өз инисин бычактап койгондугу тууралуу айтылган. Алгачкы тергөөнүн маалыматына ылайык, Ош шаарынын Салиева көчөсүндө бир үйдө чогуу жашаган жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 1990-жылы туулган жаран өзүнүн бир тууган инисинин санына бычак сайып салган. Жабырлануучу 1993-жылы туулган жаран көп кан жоготкондугуна байланыштуу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда окуя болгон жерде Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Шектүү, 1990-жылы туулган жаран берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын спирт ичимдигин ичип келип, үйдө чыр чыгара бергендиктен, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып, ушул ишке баргандыгын айткан. Учурда ал кармалып, тергөө кызматына алып келинди. Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабына ар тараптуу иликтөө иштери башталды.