Ошто жаш кыз мойнундагы алтын чынжырчасын жулдуртуп ийген. Шектүү кармалды

Кыздын мойнунан алтын чынжырчасын жулуп, изин жашырган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

10-сентябрь күнү кечинде Ош шаарынын 2000-жылы туулган тургуну мойнундагы алтын чынжырчасын жулдуруп ийген. Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Ош шаарына келген, убактылуу ар кайсы батирде жашап жүргөн, 1984-жылы туулган жаран кармалды. Аны кармаган учурда, уурдап качкан алтын чынжырча анын чөнтөгүндө болуп, сатууга үлгүрбөй калгандыгы аныкталган. Буюм ээсине кайтарылды. 12-сентябрь күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө аяктаганга чейин, 2 ай абакта кармоого санкция берилген.