Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун 7 активдүү мүчөсүн кармады. Алардын бирөө “Казак” деген каймана аты бар башка уюшкан кылмыштуу топтун дагы мүчөсү болгон. Кармалгандар 23төн 37 жашка чейинкилер.
Атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.











