Араванда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти (сүрөт)

Араван айылындагы Биринчи Май көчөсүндө турак үйдүн короосундагы Ауди үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө №64 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 02:35те өрт чектөөгө алынып, 02:50дө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.