Кара-Сууда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 23-февралында Кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында РИИБ жана прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында ыкчам-тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында базар баасы 21 375 000 сомду түзгөн жер тилкелери эч жерде каттоосу жок токтомдун негизинде жарандарга мыйзамсыз ажыратып берилгендиги аныкталып, 27-сентябрь күнү кылмыш иштин беренеси коррупцияга квалификацияланган.
13-сентябрь күнү бул кылмышка шектүү катары Шарк айыл аймагынын мурдагы жер адиси, ал эми 28-сентябрь күнү Кара-Суу райондук Кадастр мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси жана Кара-Суу райондук Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалып, камакка алынган.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө...
7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган А.З. аттуу жаран өзүнүн жолдошуна карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган....
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Совет айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-январга караган түнү белгисиз...