Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин Патрулдук милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
5-июль күнү инспектор рейд учурунда Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаанын айдоочусу мас абалында болуп, анын айдоочулук күбөлүгү (1 жылга ажыратылган) жана транспорттук каражаттын техникалык паспорту жок болгон. Аталган мыйзам бузууларга карабастан, инспектор кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош облустук наркологиялык борборго текшерүү үчүн мас айдоочунун ордуна, унаа жүргүнчүсүнүн маалыматтарын жөнөткөн. Мындан улам, экспертизанын жыйынтыгында чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган.
Жыйынтыгында, инспектор мыйзам бузуучуга карата тийиштүү чараларды көрбөй бошотуп жиберген. Мындан тышкары, тиешелүү протоколдорду түзбөстөн туруп, унааны айдоочуга өткөрүп берген. 23-июль күнү милициясынын өздүк курамынын эртең мененки бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө, милициянын прапорщиги тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чакырылган.











