Ошто кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Ошто жанаша жайгашкан эки кафенин чатыры өрттөнүп жаткандыгы тууралуу жазып чыгышкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/oshto-janasha-jaigashkan-eki-kafenin-chatyry-orttonyp-jatat-video/">чыгышкан. ӨКМ маалымат таратып, өрт чектөөгө алынганын билдиришти.
ӨКМге Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан "Дамак" тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:50дө Ош шаардык №12 Өрткө каршы бөлүмүнөн жалпы 4 бөлүм, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Көчмө башкаруу пунктунун ыкчам тобу тартылган. Өрт саат 12:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү жүрүп жатат.