1-сентябрь күнү 1997-жылы туулган келин арыз менен милицияга кайрылган. Анда 1-сентябрга караган түнү үйүндө өзү менен бирге жашаган 1960-жылы туулган кайнатасы менен пикир келишпестиктен улам, анын арт жагына учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, өлтүрүп алгандыгын билдирген.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери улана баштаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Аксы районунун 1997-жылы туулган С.кызы Р. менен бирге Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жарандары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине шектүүлөргө сот өкүм чыгарганы маалым болду. Маалыматты Ош облустук сотунан тастыкташты.
«Кара-Суу райондук сотунун 28-ноябрындагы өкүмүнүн негизинде С.к.Р. Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7,15-пункттары менен кунөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги тузөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.
Н.А.С. Кылмыш- жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7,15-пункттары менен кунөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратылган. Айыпталуучулардын бөгөт коюу чарасы мурункудай камактагы бойдон калтырылган. Өкүмгө нааразы тарап апелляциялык даттанууга укуктуу»,- дешти.