Ошто каналга түшүп кеткен 2 жашар кыз изделүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу алдын ала маалымат боюнча Падаван айылынын «Увам» каналына 2 жаштагы кыз түшүп кеткендиги тууралуу 112 номерине кабарланган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган жаран 2021-жылы туулган кыз. Жерине издөө ишин жүргүзүү үчүн саат 16:30да ӨКМдин Ош шаардык Куткаруу кызматынан жана Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан жалпы 23 куткаруучу тартылды. Издөө ишинин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.