Ошто каналга түшүп кеткен 7 жаштагы баланы 65 куткаруучу издеп жатат

Ошто 7 жаштагы баланы издөө иштерине 65 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 8-августта Ош шаарынын Учар айылынын Дача тилкесиндеги каналга 2015-жылы туулган бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн жеринде издөө иштери уланууда, жалпы 65 куткаруучу тартылган.