Ошто каракталган 3,6 миллион сом. Шектүүлөр кармалды

Ош ШИИБ маалымат таратып, куралдуу карактоого шектүү топ кармалганын билдирди.
«Милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылды. Анын ичинде каракталган 3,6 миллоин сом фактысы жана Кара-Суу районунун аймагында болгон куралдуу карактоого аракет жасоо дагы фактысы бар. Бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалды, далил буюмдар алынды. Бул боюнча кеч толук маалымат берилет», — дешти.

25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жай каракталган. Анда куралчан 2 адам акча алмаштыруу жайын карактап, качып кеткенге үлгүргөн. Каракталган сумма 3 миллион 600 миң сомдун тегерегинде экени белгилүү болгон.