Ошто “Казак” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

11-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутуп, сабап, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетип калышкан. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн 37 жаштагы шериги менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты.

Кармалган жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.