Ош шаарында 1994-жылы туулган келин төрөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, келин ооруканага 25-мартта өтө оор абалда түшкөн. Шашылыш кесарево операциясы жасалып, 2 килограмм 350 грамм салмактагы кыз ара төрөлгөн.
«Келин реанимация бөлүмүндө болгон, бардык иш-чаралар өткөрүлүп, тилекке каршы, биологиялык өлүм 3-апрелде катталган. Ымыркай 6-апрелге чейин реанимацияда болгон, түтүкчө аркылуу тамактанууда, салмак кошуп жатат», — деди Раиса Асылбашева.
Маркумдун сөөгүнө экспертиза дайындалып, корутунду күтүлүүдө.