Ошто келинди учтуу нерсе менен сайып салууга мурунку жолдошу шектелип жатат

Ошто мурунку жолдошу келинди учтуу нерсе менен сайып салган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

3-май күнү саат 10:25 чамасында Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн. Анда Кара-Суу районунун Коргон айылынын тургунун мурунку жолдошу 1989-жылы туулган жаран белгисиз учтуу нерсе менен сайып жибергенди айтылган. Кесепетинен жабырлануучу денесинен алган жаратынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.