Ошто сойкулук менен алектенген чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Милицияга аялдын сойкулук кызматын аткарууга көмөктөшүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
25-апрель күнү Ош шаарынын аймагында жайгашкан мейманканаларда коңшу өлкөнүн 13 жараны кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн 1984-жылы туулган жараны кылмышка шектүү катары кармалып, анын жанынан сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштургандыгы үчүн алдын ала белги коюлган акча каражаты далил буюм катары алынып, камакка алынган. Алдын ала маалымат боюнча кылмышка шектүү кардарлар менен кызмат акысын сүйлөшүп алып, аял-кишилерди коңшу өлкөдөн чакырып, шаар аймагында мейманканаларында системалык түрдө сойкулук кызмат көрсөтүүнү уюштуруп келген.