Ошто көп кабаттуу үйдөн кулаган студент кыз каза болду

Кечээ, 13-январь күнү түнкү саат 03:00 чамасында Ош шаарынын Апсамат Масалиев кеӊ көчөсүнүн 44-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн 12-кабатынан, өзү жашаган үйдүн ашканасынан 2001-жылы туулган кыз түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринин 2-курсунун студенти, Кадамжай районунун тургуну. Окуя болгон үйдө убактылуу жашап турган. Учурда окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда.