Ошто курал колдонуп, адамды жарадар кылган шектүү Бишкекте кармалды

Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери ок атуучу курал колдонуу менен бейбаштык кылып издөөдө жүргөн шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1995-жылы туулган жаран шаардын аймагында экени аныкталган. Ал кармалып, Ош ШИИБге жеткирилди. Шектүү Ошто ок атуучу курал колдонуу менен бейбаштык кылган делген. Анын аракетинен 2 адам жараат алып, 1 адамдын бутуна ок атылган.