Ошто күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 14-май күнү саат 15:54 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 5 баллга, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол, Сары-Таш айылдарында 4 баллга, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Кулчу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.