Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан блогер Айбек Улановдун агасы кармалды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Маалыматка караганда, агасы адвокатты ИИМде иштей турганын айтып коркуткан. «Кармалды, көрсө бул жаран ИИМде иштебейт экен»,- деди жактоочу.
- Бул кылмыш коомчулукта резонанс жаратып жатканда Уланов келиндин жасалма интеллект менен жасалган сүрөтү менен пост жарыялаган. «Аялыңыз 20 жылдыкта классташы менен жатып алганын билип калсаңыз, кандай карайт элеңиз?» деп жазган. Анын бул постту сынга алып, аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Уланов билдирүүнү өчүрүп, бир нече сааттан кийин кечирим сураган видеону жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










