Ошто мал кайтарып жүргөн жигит кармалды. Анын жанында сатып үлгүрбөй калган телефондору болгон

Ош шаарындагы батирлерде уурулук жасоого шектүү Ноокатта талаада мал кайтарып жүргөн жеринде кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын 2002-жылы туулгандыгы аныкталган. «Шектүү тарабынан Ош шаарынын Өзгөн, Петров, Раимбеков, Салиева көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине кирип, уурулук жасагандыгы аныкталган. Учурда төрт факты менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал үйдөн 146 миӊ сом акча, Айфон үлгүсүндөгү 3 даана телефон уурдап кеткен. Шектүү көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерине келип, ачык калган эшиктерге кирип, көзгө көрүнгөн баалуу буюмдарды уурдап алып кетип жүргөн. Кармалган учурда андан сатып үлгүрбөй калган 7 телефон алынды. Анын берген алгачкы көрсөтмөсүнө караганда шектүү Ош шаарына келип, уурулук жасаган соӊ, уурдалган буюмдарды, телефондорду Кызыл-Кыя шаарына алып барып сатып жүргөн. Мурда бир ирет соттолуп чыккан»,- деп айтылат маалыматта.