Abank july
SerepTV Logo

Ошто окуучу өз жанын кыйды. Апасынын эч кимге доосу жок

Ошто окуучу өз жанын кыйды. Апасынын эч кимге доосу жок
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Жийде айылында 7-октябрь күнү мектеп окуучусу асынып каза болгону маалымдалды. Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти. "Бул факты 6-октябрь күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралууда. Маркумдун апасы 1991-жылы туулган М.Ж. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирген. Чогултулган материалдын жана экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - дешти.