Кыйноолорду алдын алуу борбору Ош шаарынын тургуну кайрылып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында ырайымсыз мамилеге туш болгонун айткан. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.
Анын айтымында, окуя шаарда болгон: ал дарыканага кирип, сатуучу менен уруша кеткен. Буга жооп кылып сатуучу милиция кызматкерлерин чакырып, алар аны милиция бөлүмүнө алып барып сабашкан. Аталган борбордун кызматкерлери арыз ээсинин денесинде ур-токмокко алуу жана жаракат издери бар сүрөттөрдү изилдеп, убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигинен жабырлануучунун алгачкы медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу маалымкат алышкан жана тиешелүү акты түзүлгөн. Мындан тышкары окуя болгон Ак-Буура РИИБге атайын барышкан. Бардык чогултулган материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.
Буга чейин бул окуя боюнча Ош ШИИБ маалымат берип, аялдын айткандары чындыкка дал келберин айтышкан.