Ошто милициянын лейтенанты кызмат учурунда сууга чөгүп каза болду

Кара-Суу районунда милициянын лейтенанты кызмат учурунда сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

16-июнь күнү саат 19:40 чамасында милициянын лейтенанты Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Савай каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат кабарланган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 16-июнь күнү милиция кызматкери аталган суу каналына 3 кесиптеши менен балдардын коопсуздугун карап, киринүүгө болбостугун түшүндүрүү үчүн барышкан. Ал жактан 12-14 жаштагы эки бала каналдын жээгинде турушканын көрүп, аларга сууга түшпөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал балдарды кетирип койгондон кийин өздөрү сууга түшкөн. Ошол учурда милициянын лейтенанты суунун ортосуна барганда тумчугуп, чабак ура албай жатканын көрүшүп, бирге барган шериктери аны суунун жээгине чыгаруу үчүн аракет кылышкан. Бирок аны суудан алып чыгара алышпай, натыйжасында ал сууга чөгүп кеткен.

Милиция кызматкерин табуу максатында Кара-Суу РИИБи, куткаруучулар болуп издөө иш-аракеттерин жүргүзүшкөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө 18-июнь күнү саат 8:30 чамасында маркумдун жансыз денеси табылды. Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.