Ошто мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Ош облусунда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

20-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында жаран баңгизатты колдонуп жана сактап жүргөндүгү туурасында маалымат түшкөн. Бул маалымат электрондук журналга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 33 жаштагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну экени аныкталган.

21-январда Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган. Тергөө мезгилинде дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык жанынан чыккан кагазга оролгон заттын таза салмагы 0,383 миллиграмм канабис чайыры – гашиш, ал эми курткасынын чөнтөгүнөн алынган зат 28,655 грамм кургатылган марихуана экендиги аныкталды.