Кара-Кулжада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, көпүрөнү алып кетти (сүрөт)
Бүгүн, 10-майда болжол менен саат 03:30 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Гуз айыл аймагынын Түшүнүк айылында Кара-Гуз-Түшүнүк ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымындагы көпүрөнү сел алып кеткен. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылган.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/184132937_1221673258261537_7756922722804217514_n.jpg" alt="" width="1080" height="807" />