Ошто окуучу кыз мектеп директору тарабынан сабалганы айтылууда. Милиция эмне дейт?

Бүгүн, 14-мартта саат 11:00 чамасында Ош шаарынын тургуну 77 жаштагы аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ал арызында 2008-жылы туулган небересин мектеп директору мектеп формасы боюнча талапка жооп бербеген кийим кийип баргандыгы жана сабакка кечигип келгендигин айтып, урганын билдирген.

Окуучу кыз Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинде окуйт. Арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө башталды. Окуя боюнча мектеп директору, бардык күбөлөр суралат, окуяны териштирүү иштери башталды.