Ошто Отуз-Адыр каналына 10 жаштагы кыз чөгүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Терек айылындагы Отуз-Адыр каналына 10 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
 25-июль күнү Ак-Терек айылында 2012-жылы туулган Т. кызы Н. Отуз-Адыр каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 22 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет.