Ошто сабалган жаран боюнча текшерүү иштери башталды
Социалдык тармактарда Кара-Суудагы "Туратали" базарындагы контейнер ээси сабалганы боюнча маалымат тарап жатат. Ош ОИИБ маалымат таратып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын билдирди.
width="500" height="0" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">
"Жогорудагы факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши ачылып, алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эки тарап тең арыз менен кайрылган. Арыздануучуларга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бул окуя жетекчиликтин көзөмөлүндө",- деп айтылат маалыматта.
24-июнда социалдык тармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси ур-токмокко алганы тууралуу маалымат тараган. Видеодо бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.