УКМК тарабынан кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган «Шрек» каймана аты менен белгилүү болгон баңгибарон кармалды.
29-апрелде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 килограмм салмактагы «гашиш» баңги заты табылып, алынды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин болсо уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары, Я.М.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Орусиянын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Жогоруда аталган Я.М.М. аттуу жарандын кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине: 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номурлары аркылуу кайрылыңыз.
25-июнда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бангладеш Республикасынын...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө УКМКнын төрагасы менен жана мурдагы башкы прокурору менен байланышым бар деген шылтоо менен...
30-июнда Бишкек шаарында Тез жардам кызматына "баланын ичи ооруп жатат" деп чалышып, педиатриялык бригада айтылган дарекке барган. Дарыгерлер бейтапты көргөн...
Бүгүн, 1-июлда саат 14:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 57-чакырымында Хундай-Грандиор үлгүсүндөгү унаасы батыштан чыгышка бара жаткан учурда ошол эле...