Ушул жылдын январь айында Ошто дайынсыз болуп жаткан 4-курстун студентинин жансыз денеси табылган. Ал киши колдуу болгон.
Кара-Суу райондук соту июль айында шектүүгө карата чечим чыгарып, ал 15 жылга эркинен ажыратылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан 30-сентябрда билдиргендей, Ош шаардык сотунда иш аппеляциялык арыздын негизинде кайра каралган. Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү Жазык кодексинин 112-беренеси (кош бойлуу аялды өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атын атагысы келбеген досу шектүү жигит тууралуу маалымат берип, анын өкүмүн жеңилдетсе болмок деген оюн айтты. «Досумдун атасы менен апасы ажырашып кетишкен. Жигит апасынын колунда тарбияланды. Апасы эл катары эле Орусияда иштечү. Ал учурда досу тайкесининин колунда калчу. Адамга зыян кылайын дебеген жигит эле. Анан мындай окуя кандайча болуп кетти билбейм. Соттон жалгыз бала экенин, биринчи жолу кылмыш ишине тартылып жатканын, апасын карай турган жалгыз бала экенин эске алышса жакшы болмок. Эми улуу эжеси эле бар», — деди ал.
Редакция шектүүнүн адвокаты менен байланышканыбызда, кылмыш иш боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылабы же жокпу азырынча ойлонуп жатканын айтты.