Ошто Сулайман-Тоо жана Навои эс алуу жайларында өспүрүмдөрдү тоноп жүргөндөр кармалды (сүрөт)

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо жана Навои эс алуу жайларында өспүрүмдөрдү тоноп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын 8 тургуну ушул жылдын апрель-май айларында балдарын белгисиз атуулдар Сулайман-Тоодо жана Алишер Навои эс алуу багында тоноп жатканын айтып арыз менен Ош ШИИБге кайрылышкан. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси ( тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган кылмыштарга шектүүлөрдү издөө иштери күчөтүлүп, ушул жылдын 6-июнь күнү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3 өспүрүм кармалган. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 2004-жылы туулган үч тургуну болгон. Кармалган учурда жанынан далил катары буюмдар табылган.

Шектүү жарандар эс алуучу бакчасында жүргөн өспүрүмдөрдү коркутуп, уюлдук телефондорун, кийимдерин тартып алып жүрүшкөн. Ош шаардык соту тарабынан өспүрүмдөрдүн баш коргоо чарасы каралып, жаш өзгөчөлүгү эске алынып, үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.