Ошто чагылган түшүп, өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-июнь күнү саат 22:20 чамасында Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы Айдарбеков көчөсүндө бийиктиги 6 метр болгон талга чагылган түшүп өрт чыккан. «Өрт саат 22:57де өрт чектөөгө алынып, 23:17де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.
“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду
19-март күнү саат 05:50дө Ош шаарынын ооруканасынан А. Мамыров көчөсүндө “Тойота Ипсум” унаасы “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп, натыйжада кызматкер аял...









