Ошто тоноого шектелип, издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Ош шаарында мурда издөөдө жүргөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2005-жылы туулган жаран 2021-жыл аралыгында 8 ирет адам тоногондугу үчүн кармалган. Шектүү жабырлануучулардын мобилдик телефондорун, акчаларын тартып алган. Баш коргоо чарасын кароо учурунда үй камагында чыгарылган. Бирок соттук отурумга келбей, изин жашырып кеткен. Натыйжада сот тарабынан издөө жарыяланган. 24-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалып келип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалгандардын экинчиси 1984-жылы туулган Ош шаарынын тургуну. Ал бир нече алдамчылык фактылары менен 2017-жылдан бери сот отурумуна келбей койгондугу үчүн издөө жарыяланган. Ал жарандардын автомашинасын алдоо жолу менен сатып жиберип, акчасын бербестен изин жашырган. Мурда бир нече жолу соттолгон. Ал 22-июнь күнү кармалды.