Кечээ, 16-апрелде Ош шаарындагы май куючу станциялардын алдында мушташып жаткан жарандар боюнча кыска видео Инстаграм социалдык түйүнүндө тараган. Бул видео маалым болору менен Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан бул окуяга тиешелүү жарандарды табуу жана алардын кыймыл аракеттерине баа берүү боюнча тапшырма коюлган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында бул мушташка катышкан эки жаран тең Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына камсыз болушкан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык 16-апрелге караган түнү Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндө жайгашкан “Партнер-Нефть” май куючу жайындын алдында арыздануучу 1990-жылы туулган жаранды бейтааныш жаран эч бир себепсиз уруп денесине залал келтиргенин жана ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн билдирген. Аталган арыз 17-апрелде Ош шаарынын ИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-беренесинин 1-бөлүгү менен (Бейбаштык) кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, күбө болгон атуулдар суракка алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Иш боюнча аты-жөнү аныкталбай жаткан атуул Т.Э. экендиги аныкталып, аны табуу жана тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тергөө тапшырмасы берилген. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарынын тургуну, 1998-жылы туулган Т.Э. тергөө кызматына камсыз болуп шектүү катары суракка алынып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-97-беренелерине ылайык Ош шаарынын ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө аракеттери жүрүп жаткандыгын билдиребиз.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык, эки жарандын пикир келишпестиги “Энесай” эс алуу жайында башталып, көчөдө уланган. Айрым интернет булактарында кармалган жаранды “Акжол Махмудов экен” дешип туура эмес маалымат таратышууда. Бул чындыкка туура келбейт.