УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган. Мындан улам аталган жетекчи кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
4-июнда саат 04:57 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө өспүрүм кыз оор жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү...
Өзгөчө ири өлчөмдөгү коррупция фактысы боюнча УКМКнын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК улуттук коопсуздук органдарынын катарын кызматтын кызыкчылыгына...
Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК...
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши...
Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө...