Кечээ, 4-декабрда УКМКнын Ош шаарындагы башкармалыгында медицина тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөн. Анда УКМК башкармалыгынын башчысы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинен: “Эмне үчүн жакында эле коррупция менен кармалган жетекчини кайра башка кызматка коюп жатасыз?” — деп сурады.
Бейтапкана башчысы кызматка жаңы эле келгенин жана бул тууралуу билбегенин айткан. Башкармалыктын башчысы анын жообун уккан соң УКМК кызматкерлери менен барып бул боюнча суроолорго жооп берүүсүн талап кылган.